1-октябрь Эл аралык карылар күнү.

Урматтуу Нарын медициналык колледжинин улуу муундагы ,бизге үлгү болуучу агай-эжекелерибиз!!!
Урматтуу Гульзина Конокбаевна,Сайра Монолдоровна,Кулай Ибираимакуновна,Рабия Султакеевна,Акылыйма Капаровна,Жолдубай Медербекович!!!
Сиздерди майрамыныздар менен куттуктайм!
Ушундай майрамды Эл ичинде,айрыкча жумушчу жамааттын арасында , Өз кадыр бакыныздар менен майрамдап жатканыныздар бул ото чон ырыскы деп ойлойм.
Бул сиздердин талыкпаган эмгегиниздердин, жоопкерчиликтүү мамилениздердин,элге алына билгенизлердин аркасынан келип чыккан жыйынтык деп билем.
Карысы бардын ырысы бар демекчи, сиздер бардык тараптан бизге , артыныздардагы муунга, Өз жүрүм-турумунуздар, сүйлөгөн сөзүңүздөр,кылган мамилениздер менен жол көрсөтүп,тарбия берип турасыздар!
Сиздерге денсоолук,сапаттуу карылык,карылык акылмандык,карылык айкөлдүк,карылык ыйман каалаймын!Ар бириниздер Өз үй бүлөөнүздо төрдүн көркү,сыйдын туу чокусу болуп Аман болунуздар💐💐💐💐💐💐💐💐

Сиздерди урматтоо менен Нарын медициналык колледжинин директору Арпачиева Т.Б.

Leave a Reply