(06.10.2022-ж)Бүгүн Нарын шаардык спорт бөлүмү тарабынан 1-октябрь “Эл аралык карылар күнүнө”карата Нарын шаарында мекемелер арасында 50 + жаштан жогорку аралаш( MIX) волейбол оюну уюштурулуп, бул мелдешке Нарын медициналык колледжинин 50 жаштан жогорку эжелерибиз жана агаларыбыз катышты.
Жалпы 6 команда катышып, мелдеш жогорку деңгээлде , кызыктуу өтүп, соңунда:
1-орун- Гороно
2-орун- Абдырай Ата
3-орун- Нарын медициналык колледжи командалары жеңишке ээ болушту.
Жеңишке жетишкен командаларга тиешелүү даражадагы кубок, медальдар 🏅🏅🏅 жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.