Menu Close

1-октябрь карылар куну менен куттуктоо!

Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз. Кыргызда сөз бар го “ата-энеси бар адам, эң бактылуу адам”, “ата-энеңди көзү барда сыйлай бил” дегендей. Ата-эне жаш болсо да, барыбир улгаят, ал гана эмес биз дагы улгаябыз, ошондуктан ата-энени сөз менен эмес, иш-аракет, ак эмгегиңер менен сыйлай билгиле. Карынын батасын алган адам эч качан кор болбойт эмеспи, карынын батасын алгыла.

Кары адамдарга ким сый-урмат көрсөтсө, ал сөзсүз кийин кайтат. Карыны сыйласаң абийир табасың деп бекеринен айтылбаса керек. Кыргызда ушул сыяктуу накыл сөздөр, макалдар абдан көп, макалдар не деген жылдар бою келаткан сөздөр. Кары кебин капка сал – деген макалды карасак, бул жакта кары адамдын акылы терең, көптү көргөн көсөң катары түшүндүрүлөт.

Турмушта терс көрүнүштөр дагы аз эмес, көбүн эсе батыштын кинотасмаларында тескери тарбия берген учурлар аз эмес. Аны кээ бир эси жоктор көрүп алып, туурашып, кары адамдарды кандайдыр бир тоскоолдук катары ойлошот. Билесинерби, кары адамдар, чоң эне, чоң ата качандыр бир убакта силердей жап-жаш болушуп, бирок биздей жакшы турмушта жашаган эмес. Ошого карабастан алар кайратын жоготпой, оорчулукка чыдап, балдарына татыктуу тарбия берип, кээ бирлери Мекен үчүн канын төккөн. Ар бир улгайган адам ардактуу адам.

Шаршенова Уулгелди Алмамбетовна

6 Comments

  1. hi

    Excellent beat ! I wish to apprentice while you amend your website, how could i subscribe for a blog web site? The account aided me a acceptable deal. I had been tiny bit acquainted of this your broadcast offered vivid transparent concept|

Leave a Reply