- Кабыл алуу эрежелери
- Тапшыруу үчүн керектүү документтер
- Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын программасы
- Окуу үчүн төлөм
- Кесипке багыт берүү
Колледжде окуу иштери мамлекеттик билим берүү стандартынын, окуу пландарынын жана программалардын алкагында жүргүзүлөт.
Окуу жайга тапшырууда берилүүчү жеңилдиктер:
Эгерде тесттик иштин жыйынтыгы жалпы негизде тапшырган абитуриенттин өтүү баллы менен бирдей болгон учурда, төмөнкүлөр:
1.Тоголок жетимдер (18 жашка чейинки).
2. I, II группадагы майыптар (медициналык корутундунун негизинде окууга жарактуу деп табылган абитуриенттерге).
Нарын медициналык колледжине тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1.Колледждин директорунун наамына жазылган абитуриенттин арызы.
2.Орто билими тууралуу аттестат.
3. 086/У формасындагы медициналык справка жана флюрографиянын сүрөтү.
4. 3х4 өлчөмүндөгү 6 түстүү сүрөт.
5. Паспорт
6. Аскерге чакырылуучулар үчүн катталуу күбөлүгү.
Абитуриенттердин билим деңгээлин аныктоо тест жүргүзүү аркылуу төмөнкү сабактар боюнча жүргүзүлөт:
1.Биология
2.Кыргыз тили (Орус тили).
3.Химия (Лаб диагностика, Фармация)
Документтер 1-июлдан баштап кабыл алынат.
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын шаары, Сагынбай Орозбак көчөсү №34
телефондор: (0-35-22) 5-17-46; (0-35-22) 5- 17-48
Окутулуучу кесиптер:
- 060101 «Дарылоо иши»
- 060102 «Акушердик иш»
- 060108 «Фармация»
- 060109 «Медициналык айым иши»
- 060110 «Лабораториялык диагностика»
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |