Бүгүнкү күндө Нарын медициналык колледжи бүтүрүүчүлөрдү чет өлкөгө жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келе жатат.

НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ИШИН УЛАНТУУДА.

Келечектен көптү үмүттөндүргөн биздин жаштар жөнүндө кам көрүү, алар үчүн бардык шарттарды түзүп берүү, терең билим берип, аларды өзү тандаган кесиптердин ээси болууга үндөө Нарын медициналык колледжинин үчүн эң негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Нарын медициналык колледжи бүтүрүүчүлөрдү чет өлкөгө жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келе жатат.

(21.09.2022-ж)Япония өлкөсүнө студенттерди жумуш менен камсыздоо максатында “Okinawa relationship” компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде, колледждин 2021-2022-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү 2 студент кызыбыз Япония өлкөсүндөгү Окинава шаарында 3 ай стажировкадан өтүп келишти.

Ошондой эле Нарын медициналык колледжинин жыйындар залында аталган компаниянын Кыргызстандагы өкүлү Аскат Абакиров колледждин студенттери менен жолугушуп, ийгиликке жетүү үчүн эмне керек, кайсы сапаттарды өрчүтүү керек экендиги тууралуу кеңештерин берип жана бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Leave a Reply