Menu Close

“ЭНЕЛЕР ВОЛЕЙБОЛ ЛИГАСЫ” НАРЫН ШААРЫНДА

“ЭНЕЛЕР ВОЛЕЙБОЛ ЛИГАСЫ” НАРЫН ШААРЫНДА 
31-мартта Нарын шаарындагы “Намыс” ден соолук борборунда 40 жаштан жогорку курактагы айымдар арасында республикалык денгээлдеги  “Энелер волейбол лигасы” аталышында спорттук мелдеш старт алды.
“Энелер дени сак келечек үчүн” ураанынын алдындагы бул спорттук иш чарага Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынан “Нарын медициналык колледжинин командасы” менен биргеликте 12 айымдар командасы катышып  күч сынашты. 
Аталган лига 2016-жылы 40 жаштан жогорку курактагы энелер арасында түзүлгөн. 
Энелердин күчү жана демилгеси менен түзүлгөн лиганы Волейбол федерациясы колдоого алып келет. Мелдеш февраль айында түштүк региондо өткөрүлсө, бул жолу түндүк регионду камтыган. Жайында тандалган 9 команданын катышуусунда Кыргызстан боюнча чемпионат өткөрүлмөкчү.