Menu Close

Германия өлкөсүндөгү ЕДУВИЗО компаниясынын жетекчиси Торсттен Свобода жана Кыргызстандагы өкүлү Ботбаева Айганыш Нарын медициналык колледжинин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.

(20.09.2022) Бүгүн Германия өлкөсүндөгү ЕДУВИЗО компаниясынын жетекчиси Торсттен Свобода жана Кыргызстандагы өкүлү
Ботбаева Айганыш Нарын медициналык колледжинин жыйындар залында “Медайымдык иш” тайпаларынын студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.

Бул жолугушууда ЕДУВИЗО компаниясынын өкүлдөрү өзүлөрүнүн шарттары менен тааныштырып, андан соң колледжден 3жыл немец тилин үйрөнүп, В2 баскычындагы сертификат ээ болгон бүтүрүүчүлөрду жумуш менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Соңунда немец тилин окуп, Германияга барып иштейбиз деген студенттер менен эки тараптуу келишимдер түзүлдү.

Leave a Reply