Menu Close

Биздин иш багыттар:

  • Окуу усулдук иштери
  • Практикалык окутуу
  • Тарбиялык иштер
2018-2019-окуу жылына карата студенттердин контингенти
Колледжин сапаттарынын көрсөткүчү
Студенттер үчүн жүргүзүлгөн анкетанын анализи

Окутуучулук багытт

Окутуучулук багыттын  негизги максаты болуп, студенттерге жогоркцу денгээлде билим берүү болуп эсептелет.Буга төмөнкүлөр кирет:

– окутуучунун атайын даярдалган окуу программасына ылайык иш кагаздары, окуу методикалык комплекстери ар бөлүк боюнча, усулдук көргөзмөлөрү, кабинеттин медициналык шаймандар менен жабдылышы.

Белгилей кетчү нерсе колледждин окутуучуларынын даярдаган окуу методикалык коплекстери жогорку денгээлде, көпчүлүгү кыргыз тилине которулуп, толуктоолордун үстүндө,клиникага чейинки бөлмөлөр толугу менен студенттер отуруучу блоктор жана заманбап банерлер, медициналык шаймандар  менен жабдылган.

– «Бул сөзүм сага сыр болсун

Жалганда түзөр сын болсун

Жасаган, кылган иштериң

Жасалма болбой чын болсун» дегендей НМКде жаш оутуучуларга жардам көрсөтүү максатында «жаш окутуучулар мектеби» аттуу жыйындар өтүлүп, анда колледждин усулчусу тарабынан сабак өтүүнүн эрежелери, окуу программасына ылайык иш кагаздарын даярдоо жана сабак өтүүдө интерактивдик ыкмаларды колдонуунун үстүнөн иштөө жүргүзүлөт.

– студенттердин билим денгээлин көтөрүү максатында жана алардын медицинага болгон кызыгуусун , логикалык, клиникалык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү максатында ар бир кошуунда үч-төрт жылдык ар кандай темаларда студенттердин окуу-изилдөө  иштери жүргүзүлүп турат.

– «Жүргүнчүсү көп чыгаар жол жооруса

Көтөргөн жүк оордур жон жооруса

Аракеттин артында берекет бар

Тапканың таттуу болоор кол жооруса 

НМКнин жаш окутуучулары өзүлөрүнүн тажрыйбалык билим денгээлин көтөрүү максатында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын бөлүмдөрүндө стажировкадан өтүшөт.

– окутуучулардын болсо активдүүлүгүн көтөрүү максатында жыл сайын мыкты ачык предметтик жана тарбиялык сабагы, студенттердин окуу-изилдөө иштери, ошондой эле мыкты бөлмө номинациядагы конкурстар өтүлүп, сыйлыктар берилип турат.

 

Тарбиялык багыт:

«Карыш менен сөөмдөн кадам улук

Түбү келип түз айткан салам улук

Албан түркүн жандык бар ай-ааламда

Ошолордун баарынан АДАМ улук»

 

Тарбиялык багыттын негизги максаты булл студенттерди адамкерчиликтүүлүккө, гумандуулукка, боорукерликке, жоопкерчиликтүүлүккө тарбиялоо.

НМКнин студенттерди дайыма кайрыдуулук акциясын  өткөрүп карылар үйүнө,бала бакчаларга, интернат метебине барып турушат, мындан тышкары жыл сайын тоголок жетимдерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген жана сциалдык жактан аярлуу студенттерге жардам берип келишет.

 

Өнүктүрүүчүлүк багыт

«Китептен дайым жашарам

Кирдесе көөнүм тазарам

Китепти карап түзөлөм

Китепти окуп тазарам»

 Ал бете баардыгыбызга малым болгондой адамдын инсан катары өнүгүүсүнө китеп эң чоң ролду ойнойт. НМКнин китепканасында 40 оорундук окуу залы жана жалпы фонд 15346 китеп анын ичинен 12500 медициналык китептер түзөт.

Жана дагы НМКнин студенттери шаардык, облустук масштабта өткөрүлгөн семинарларга, ар кандай конкурстарга, тегерек столдорго активдүү катышып,  ошондой эле  сабактардан өз алдынча иштөөлөрүнө  көп көңүл бурулат.