МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИ ГЕРМАНИЯ ӨЛКӨСҮНДӨГҮ СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ.

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИ ГЕРМАНИЯ ӨЛКӨСҮНДӨГҮ СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ.

Жолугушуунун расмий бөлүгүн Нарын медициналык колледжинин директору
Т.Б. Арпчиева ачып, жаштардын келечегине кайдыгер карабай келип жаткан жумуш берүүчүлөргө ыраазычылык билдирди. «Окуу жай замандын агымы менен жаш адистерди даярдап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп келет. Биздин бүтүрүүчүлөр өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдө алган билиминин негизинде эмгектенишүүдө. Кесипкөй адистерди даярдоо максатында окуу жайда материалдык-техникалык база чыңдалып, шарттар түзүлгөн», – деди колледждин жетекчиси.

Андан соң колледждин жыйындар залында Германия өлкөсүндөгү Арбайтер- Самаритер-Брунд жана ЕДУВИЗО компаниясынын өкүлдөрү студенттер менен жолугушту.
Жолугушууда жумушка орношуунун шарттары, талаптары, окуу жөнүндө кеңири маалымат беришип, иш берүүчү тарабынан жумушка кабыл алына тургандыктары айтылды.

Жыйын студенттер менен иш берүүчүнүн ортосунда байланышты күчөтүп тиешелүү маалыматтарды студенттерге жеткирүү максатында уюштурулду.

Leave a Reply