НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИ ЖЕҢИШ МЕНЕН КАЙТЫП КЕЛИШТИ.

НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИ ЖЕҢИШ МЕНЕН КАЙТЫП КЕЛИШТИ.
Бишкек шаарында өткөн республикалык деңгээлде “Колли” кубогу боюнча волейбол мелдешине катышып келген Нарын медициналык колледждин кыздар волейбол командасы облустук спорт башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Чымылдаков менен жолугушту. Жолугушууда аталган колледждин директору Төлөгүл Арпачиева облустук спорт башкармалыгынын жетекчисине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, командага көп ийгиликтерди жаратуусун каалады.
Спорт башкармалыктын начальниги К.Чымылдаков аталган командага жеңиши менен куттуктап, мелдештерде алдыңкы орундарды багындыра беришин айтып, кошумча дагы спорттук форма менен камсыздап берүүнү убадалады.

Leave a Reply