Нарын шаарында өтүүчү акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жана мамлекетибиздин көз карандысыздыгына 30 жылдыгына карата уюштурулган Манас, Кыргыз шырдагы, Оймо фестивалын утурлай манасчылар Нарын шаарындагы мекеме-ишканаларда коомчулук менен жолугушууларды өткөрүп, «Манас таануу» лекцияларын жана Манас эпосунан айтып беришти.

КРнын эл жазуучусу , “Манас эл” кыймылынын төрагасы Асан Жакшылыков, Маданияттын мыкты кызматкери Муса уулу Төлөбек, жаш манасчы Жолочиев Саид баштаган манасчылар Нарын медициналык колледжине дагы жолугушуу өткөрүшүп, мекемедеги кызматкерлерге кыргыз дөөлөттөрүнүн сап башында турган Манас эпостогу окуялардан баяндап, үзүндү айтып беришти.

Манасчылардын тобун Нарын медициналык колледжинин директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановна кабыл алып, улуу “Манас” эпосун жайылтуу менен Кыргыздын улуу баалуулуктарын даңазалап, элибиздин рухун көтөрүп жүргөн манасчыларга терең ыраазычылык билдирди.

99 Replies to “Нарын шаарында өтүүчү акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жана мамлекетибиздин көз карандысыздыгына 30 жылдыгына карата уюштурулган Манас, Кыргыз шырдагы, Оймо фестивалын утурлай манасчылар Нарын шаарындагы мекеме-ишканаларда коомчулук менен жолугушууларды өткөрүп, «Манас таануу» лекцияларын жана Манас эпосунан айтып беришти.”

Leave a Reply

Your email address will not be published.