060102 “Акушердик  иш” адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттары

Окутуу жаатында:
  • Эмгек рыногунда туруктуу болууга жана социалдык мобилдүүлүгүнө шарт түзүүчү жалпы жана кесиптик компетенцияларга ээ кылуучу орто кесиптик медициналык билим алуу, гуманитардык, математикалык, табигый илимдик билимдердин негиздери боюнча даярдоо;
Тарбиялоо жаатында төмөнкү социалдык инсандык сапаттарды калыптандыруу:
  • чечкиндүүлүк;
  • эмгекчилдик;
  • жоопкерчиликтүүлүк;
  • коммуникативдүүлүк;
  • толеранттуулук;
  • уюштуруучулук;
  • жалпы маданиятын жогорулатуу.
060102 “Акушердик иш” адистигин негизги кесиптик билим берүү программасындагы окутуунун күтүлүүчү натыйжалары (ОН) ОН1. – коюлган маселелерди сапаттуу аткаруу үчүн кесиптик көндүмдөрдү колдоно алат; ОН2. – кесиптик маселелерди чечүү үчүн маалымат ресурстарын, компьютердик техниканы колдоно алат; ОН3. – коомдогу   кабыл алынган этикалык ченемдерди эске алуу менен өз ишмердигин жүргүзө алат, кесиптик компетенциясынын чегинде башкаруучу чечимдерди кабыл ала алат; ОН4. – мамлекеттик жана расмий тилде өз оюн негиздүү жана так  билдирүү менен ишке байланыштуу баарлашууну алып бара алат; ОН5.- Аялдын репродуктивдик  ден соолугун коргоодо жана үй бүлөөнү пландаштыруу да иш чараларды алып бара алат. ОН6. – Аялга, ымыркайга жана үй бүлөөсүнө акушердик жардамды көрсөтө алат. ОН7. – Неонаталдык медициналык жана кечиктирилгиз акушердик жардамды көрсөтө алат.

Акушер

Кош бойлуу аялды көзөмөлдөө төрөткө даярдоо, төрөтүү жана кийинки байкоо иштерин жүргүзүүчү адис. Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай Окуу формасы: күндүзгү
Билим деңгээли: орто кесиптик билим берүү
Квалификациясы: Акушер.
Акушерлер
  • Мамлекеттик жана жеке менчик стационарларда
  • ҮБМ
  • Төрөт үйү