060101 “Дарылоо иши” адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттары

Окутуу жаатында:
  • Эмгек рыногунда туруктуу болууга жана социалдык мобилдүүлүгүнө шарт түзүүчү жалпы жана кесиптик компетенцияларга ээ кылуучу орто кесиптик медициналык билим алуу, гуманитардык, математикалык, табигый илимдик билимдердин негиздери боюнча даярдоо;
Тарбиялоо жаатында төмөнкү социалдык инсандык сапаттарды калыптандыруу:
  • чечкиндүүлүк;
  • эмгекчилдик;
  • жоопкерчиликтүүлүк;
  • коммуникативдүүлүк;
  • толеранттуулук;
  • уюштуруучулук;
  • жалпы маданиятын жогорулатуу.
060101 “Дарылоо иши” адистигин негизги кесиптик билим берүү программасындагы окутуунун күтүлүүчү натыйжалары (ОН)           060101 “Дарылоо иши” адистигинин НКББПда төмөнкү окутуунун күтүлүүчү натыйжалары (ОН) белгиленген: ОН1. – коюлган маселелерди сапаттуу аткаруу үчүн кесиптик көндүмдөрдү колдоно алат; ОН2. – кесиптик маселелерди чечүү үчүн маалымат ресурстарын, компьютердик техниканы колдоно алат; ОН3. – коомдогу   кабыл алынган этикалык ченемдерди эске алуу менен өз ишмердигин жүргүзө алат, кесиптик компетенциясынын чегинде башкаруучу чечимдерди кабыл ала алат; ОН4. – мамлекеттик жана расмий тилде өз оюн негиздүү жана так  билдирүү менен ишке байланыштуу баарлашууну алып бара алат; ОН5. – ден соолукту чыңдоо жана сактоого, оорулардын алдын алууга багытталган эпидемияга каршы жана алдын алуучу иш-чараларды алып бара алат; ОН6. – дарылоо-дарт аныктоочу жана реабилитациялык иш-чараларга катыша алат; ОН7. – кесиптик компетенциясынын чегинде кечиктирилгис жана экстремалдык абалдарда медициналык жардам көрсөтө алат.

Фельдшер

Мекемелерде, окуу жайларда, тез жардам бөлүмдөрүндө, ФАПтарда дарыгерге чейин алгачкы жардам көрсөтүүчү адис. Окуу мөөнөтү:  3жыл 6 ай Окуу формасы: күндүзгү
Билим деңгээли: орто кесиптик билим берүү
Квалификациясы: фельдшер.
  Фельдшерлер
  • Мамлекеттик жана жеке менчик стационарларда
  • Тез жардам бөлүмү
  • Мамлекеттик чек ара кызматкери
  • ФАПта иштей алат