Жалпы маалымат
Адистиктин шифри: 060101
Билим берүү программасынын аталышы: Лечебное дело
Квалификациясы: Фельдшер
Окутуунун формасы: Күндүзгү
Окуу мөөнөтү: 3 года 6 месяцев
Окутуу тили: Кыргыз тили, орус тили
Программанын максаты
Саламаттык сактоо системасынын талаптарына жооп берген, дарыгерге чейинки медициналык жардам көрсөтүүгө жөндөмдүү, кесиптик жана жалпы компетенцияларга ээ атаандаштыкка жөндөмдүү фельдшерлерди даярдоо.
Бүтүрүүчүнүн модели
Бүтүрүүчү төмөнкүлөрдү аткара алат:
бейтаптарды алгачкы кароодон өткөрүү;
дарыгерге чейинки медициналык жардам көрсөтүү;
шашылыш жана кечиктирилгис абалдарда жардам берүү;
дарылоо жана диагностикалык иш-чараларга катышуу;
оорулардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү;
медициналык документацияларды толтуруу;
медициналык этиканын жана деонтологиянын талаптарын сактоо.
Негизги компетенциялар
кесиптик компетенттүүлүк;
клиникалык ой жүгүртүү;
коммуникативдик компетенттүүлүк;
маалыматтык компетенттүүлүк;
укуктук сабаттуулук;
командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө даярдык.
Практикалык даярдоо
Практикалык окутуу Нарын облусундагы жана башка саламаттык сактоо мекемелеринин базасында жүргүзүлөт.
Практиканын базалары:
Нарын облустук бириктирилген ооруканасы;
Үй-бүлөлүк медицина борборлору;
Тез жардам бөлүмдөрү;
ФАПтар;
башка медициналык мекемелер.
Бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү
Фельдшерлер төмөнкү мекемелерде эмгектене алышат:
мамлекеттик жана жеке менчик стационарларда;
тез жардам кызматтарында;
ФАПтарда;
үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;
мамлекеттик чек ара кызматында;
башка саламаттык сактоо уюмдарында.
