060108 “Фармация” адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттары

Социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногунда туруктуулугуна өбөлгө түзгөн жалпы жана кесиптик компетенцияларга ээ болгон, дипломдон кийинки окууга жана (же) тандап алган адистиги боюнча профессионалдык фармацевтикалык ишмердүүлүккө даяр фармацевтти даярдоо. 060108 “Фармация” адистигин негизги кесиптик билим берүү программасындагы окутуунун күтүлүүчү натыйжалары (ОН) ОН 1 – Коомдо кабыл алынган этикалык аспектилерди эске алуу менен өз ишмердүүлүгүн аткара алат, берилген маселелерди сапаттуу аткаруу үчүн кесиптик иш көндүмдөрүн колдоно алат, өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде жоопкерчиликтүү башкаруу чечимдерин кабыл алат. ОН 2 – Кесиптик маселелерди чечүү үчүн маалыматтык ресурстарды жана компьютердик техниканы колдоно алат, өз оюн мамлекеттик жана расмий тилдерде аргументтүү жана так билдирүү менен иштиктүү баарлашууну алып бара алат. ОН 3 – Дарыкананын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштура алат, айыл жерлеринде (жогорку билимдүү адис жок болгон учурда) дарыкана уюмуна жетекчилик кыла алат жана дары-каражаттарын, ар түрдүү ассортименттеги фармацевтикалык товарларды жүгүртө алат. ОН 4- Дарыкана ичиндеги көзөмөлдү милдеттүү түрлөрүн жүргүзүү менен дары формаларын чыгара алат (жасай алат). ОН 5- Өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралды жүргүзө алат жана шашылыш, экстремалдык шарттарда медициналык жардам көрсөтө алат.

Фармацевт

Дарыларды даярдоо, сактоо жана берүү боюнча иш жүргүзүүчү адис. Оуу мөөнөтү: 2жыл 10 ай Окуу формасы: күндүзгү
Билим деңгээли: орто кесиптик билим берүү
Квалификациясы: Фармацевт.
Фармацевтер
  • Мамлекеттик өндүрүштүк аптекаларда
  • Жеке менчик аптекаларда
  • Фамацевтикалык заводдордо
  • Чет өлкөлүк фармациялык компанияларда