“Эмчек бездеринин ооруларын алдын алуу” деген темада акциянын жыйынтыктоочу бөлүгү
Бүгүн 01.03.2022-жыл, Нарын медициналык колледжинде “1-клиникалык кошуундун” иш мерчемине ылайык “Эмчек бездеринин ооруларын алдын алуу” деген темада акциянын жыйынтыктоочу бөлүгү өттү.
Акцияга Нарын шаарындагы Үй- бүлөлүк борборунун онколог дарыгери Н.Токтогулова, №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинин социалдык педагогу К.Б.Арпачиева, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин соц. педагогу
Н. Усубалиева, колледждин окутуучулары жана студенттери катышты.
Акцияны жыйынтыктоодо төмөнкү иш-чаралар аткарылды:
– 296 айымдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
– Эмчек бездин ооруларынын белгилерин өзүн- өзү аныктоо ыкмалары үйрөтүлдү.
– 4 айымдан мастопатия белгилери аныкталып, дарыгерге баруу сунушталып, изилдөөдөн өтүп келип диагнозу тастыкталып дарыланууда.
– О.э. колледждин эмгек жамааттын арасынан 3 айымдан мастопатиянын белгилери аныкталып дарыгерге баруу сунушталды.
Акциянын соңунда келген коноктор тарабынан уюштуруучуларга жакшы каалоо тилектер, жылуу сөздөр айтылып, о.э ушул акция жыйынтыгы менен гана бүтүп калбастан, мектеп окуучуларына, башка окуу жайларга дегеле медицинага тиешелүү башка темаларга дагы ушундай иш-чараларды өткөрүп берүүсүн сунушташты.
Акция жогорку деңгээлде өткөрүлдү.