Кош келиңиз, абитуриент 2026!

Медициналык билимге карай биринчи кадамыңызды бүгүн баштаңыз!

Эмне үчүн Нарын медициналык колледжин тандоо керек?

  • Сапаттуу медициналык билим

    Заманбап билим берүү программалары боюнча кесипкөй жана атаандаштыкка жөндөмдүү медициналык адистер даярдалат.

  • Tажрыйбалуу окутуучулар жамааты

    Көп жылдык тажрыйбасы бар, өз кесибин мыкты өздөштүргөн окутуучулар билим берет.

  • Практикага багытталган окутуу

    Студенттер теориялык билимди медициналык мекемелерде практикалык көндүмдөр менен бекемдешет.

  • Заманбап материалдык-техникалык база

    Лабораториялар, окуу кабинеттери жана заманбап жабдуулар сапаттуу билим алууга шарт түзөт.

  • Эл аралык кызматташтык

    Колледж Казакстан, Япония, Германия жана эл аралык уюмдар менен кызматташып, студенттерге жана окутуучуларга тажрыйба алмашууга, эл аралык иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

  • Социалдык өнөктөштөрдүн кеңири тармагы

    Саламаттык сактоо мекемелери жана иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташтык студенттердин сапаттуу практика өтүүсүнө жана кесиптик өнүгүүсүнө көмөктөшөт.

  • Олимпиадалар жана илимий мүмкүнчүлүктөр

    Студенттер республикалык жана эл аралык олимпиадаларга, форумдарга, конференцияларга жана илимий долбоорлорго активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет.

  • Академиялык мобилдүүлүк

    Эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу студенттерге жана окутуучуларга жаңы билим жана тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет.

  • Кесиптик келечек

    Колледж эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон орто медициналык адистерди даярдайт. Эл аралык өнөктөштөр аркылуу чет өлкөлөрдө ишке орношууга мүмкүнчүлүктөр да каралган.

  • Кошумча билим алуу мүмкүнчүлүгү

    Негизги адистиктен тышкары «Биринчи жардам көрсөтүү», «Медициналык массаж», «Тамактануу жана диетология» сыяктуу кошумча курстар уюштурулат.

  • 1945-жылдан берки ишеним жана салт

    80 жылдан ашуун тарыхы бар Нарын медициналык колледжи миңдеген квалификациялуу медицина кызматкерлерин даярдап, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына татыктуу салым кошуп келет.

Кантип тапшырам?

1

Жеңилдиктер

 

Төмөнкү категориядагы абитуриенттер мыйзамга ылайык жеңилдиктерден пайдалана алышат:

  • жетим балдар;
  • ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
  • I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар;
  • майыптыгы бар балдар;
  • эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү.

Дарылоо иши

Квалификациясы: Фельдшер

Окутуунун формасы: Күндүзгү

Окуу мөөнөтү: 3 жыл 6 ай


Лаборатордук диагностика

Квалификациясы: Медициналык лабораториялык техник

Окутуунун формасы: Күндүзгү

Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай

Медициналык айым иши

Квалификациясы: Медайым / Медайым мырза

Окутуунун формасы: Күндүзгү

Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай

Акушердик иши

Квалификациясы: Акушерка / Акушер

Окутуунун формасы: Күндүзгү

Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай

Фармация

Квалификациясы: Фармацевт

Окутуунун формасы: Күндүзгү

Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай

Окуу төлөмү

Дарылоо иши 38000/жыына
Бюджеттик негизде/ Келишимдик негизде
Медайымдык иш 38000/жыына
Бюджеттик негизде/ Келишимдик негизде
Фармация 38000/жыына
Келишимдик негизде
Акушердик иш
Бюджеттик негизде
Лаборатордук диагностика
Бюджеттик негизде

Кабыл алуу комиссиясы

Кабыл алуу боюнча бардык суроолор боюнча биздин кабыл алуу комиссиясына кайрылыңыз.

📍   С.Орозбак уулу 34

📱     709 167 737,

         700 056 096

🕘 Иштөө убактысы

          9:00 – 17:00

kirKY