№ 1 клиникалык кошундун 13.04.20. – 18.04.20 чейинки аралыктан сабак өтүү боюнча кыскача анализ. Сабактар тизим боюнча өз убагында өтүлүп жатты. Ар бир окутуучу сабактарды жоопкерчилик менен кызыктуу кылып өтүүгү аракеттерди көрүшүдө. Бул жумада хирургия, гинекология, акушерство, БЖМК, фарм тех, фарм химия сабактары өтүлуп жатты. Сабактарды өтүүдө ар бир окутуучу бир нече ыкмаларды колдонуу менен кызыктуу кылып өтүп жатышты. Сабактарда окутуучулар студентерге кырдаалдык маселелерди чечип жана аларга сестралык процесстерди түздүртүп ошондой эле алгачкы кандай жардам көрсөтүүдөгү видеолорду колдонуп жатышты. Андан тышкары тест, кроссворд жана карточкалар менен иштеп жатышты. Студентердин билимин текшерүүдө видео байланыш аркылуу, үн байланыш жана Quizizz программасын колдонуу менен тест алып атышты. Ошондой эле айрым окутуучулар сабака активдүу катышкан студенттерге быйтыкчаларды 🙂 берип жатышты (поощрение). Баардык сабактарга студенттер толугу менен катышканга аркет кылып жатышты.