Menu Close

№ 1 клиникалык кошундун бир жума ичиндеги ишине кыскача анализ.

Сабактар жүгүртмөгө ылайык өз убагында өтүлүп жатты. Бул жумада болгон кыйынчылыктар, аба ырайына байланыштуу болду. Катуу шамалдын айынан арым айылдарда свет өчүп интернет байланыш начар болуп сабак өтүүдө кыйла кыйынчылыктарды туудурду. Бул нерсеге карабастан окутуучуларда жана студенттерда өз учурунда жана өз нугунда сабакты жыйынтыктаганга баардык аракеттерин кылышты. Ошондой эле 3 курстун окутуучулары сабактар аяктагандыктан экзамен алышты. Экзамен Guizizz программасы менен алынды. Экзамендер түзулгөн жүгүртмөгө ылайык алынып атты. Окутуучулар 50 -100 суроодон турган тесттерди түзүшүп бүтүрүчү курстагы студентерден экзамен алышты. Экзамен учурунда студенттер 100 % катышышты. Бул учурда деле бир нече кыйынчылыктар болбой койгон жок: интернеттин начар болушу жана телефондордун эски модельдерин колдонгон студенттерде кыйынчылыктар кездешти. Бирок буга карбастан абалдан чыгуу үчүн кошумча туугандарынын телефондорун колдонушуп жалпы экзамендерди жакшы жыйынтыкташты. Аралыктан окутуу күндөн кунгө окутуучулардын тажрыйбалары көбөйүп видео материалдарды көбүрөөк колдонгонго аракет кылышууда. Себеби сабакты бышыктоодо студентер колу менен көрсөтө алышпасада өздөрү көрүп түшүнуп алышууда. Ушундай кырдаалда студенттерге да ыраазычылык билдирип кетсе көптүк болбойт деп ойлом, себеби айрым студенттер өздөрү жашаган жердеги больницаларда, ФАПтарда медиктерге жардамдарын берип бир чети өздөрүнө тажрыйба топтоп атышат десек жанылышпайбыз. Ал эми шаардагы студентер болсо Кызыл ай коомунда волонтер болуп алар менен биргеликте иш алып барышууда.