1-октябрь күнү Нарын медициналык колледжинде 1-курстардын ата-энелер жыйналышы болуп өттү.
Жыйналышка ата-энелер, админинистрация, кураторлор жана ата-энелер комитети катышты. Жыйында Нарын медициналык колледжинин директору Т.Б.Арпачиева сөз сүйлөп, колледждин тарыхы, академиялык мобилдүүлүк, студенттердин сабакка катышуу, жетишүүлөрү, тууралуу маалыматтар айтылып, катышып берген ата-энелерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ар бир ата-эне балдарынын терең билим алуусу үчүн кураторлор менен тыгыз байланышта болууларын белгилеп өттү.
Кураторлор студенттерди сабактарга кызыгуусун арттыруу үчүн ата-энелер жана студенттер тарабынан көзөмөлгө алынуусу учур талабы экендиги айтылды.
Жыйындын соңунда ар бир группанын кураторлору ата-энелерге колледждин материалдык- техникалык базасы менен тааныштырды.