“17-ноябрь -Эл аралык студенттер күнүнө “карата Нарын медициналык колледжинде чакан маданий иш-чара болуп өттү.Иш-чарада Колледждин алдыңкы студенттери грамота менен сыйланышса,”Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР мыйзамынын 31 жылдыгына карата Мамалекеттик тил күнүн белгилөө боюнча 2 айлыгынын алкагында”Келгиле,тилибизди даңтайбыз”, деген темада студенттердин Республикалык онлайн көркөм окуу сынагына жигердүү катышкадыгы үчүн Нарын медициналык колледжинин 3-лаб.д тайпсынын студенти Байменде к Жазгүл,2-фар тайпасынын студенти Ишенбек к Жазгүл,2-ми тайпасынын студенти Абилова Айдана,1-аи тайпасынын студенти Жолдошбекова Тунук грамота менен сыйланышты. Ошондой эле 1-курстун тайпаларынын ортосунда”Менин тилим-тирегим”деген темада онлайн видеотасмалар сынагында 1-орунду 1-ми(к),2-орунду 1-ми(б),3-орунду1-лаб(а)тайпасы ээледи. Ал эми” 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө “карата жарыяланган 1 айлыктын алкагында 2-курстар арасында дубал газателардын,3-курстар арасында видеороликтердин сынагы болуп,жыйынтыгында ;дубал газеталардын сынагында 1 -орунду 2- ми(б)тайпасы,2-орунду 2-ми(к)тайпасы,3-орунду 2-аи тайпасы ээлесе, видеороликтер сынагында 1-орунду 3-ад,2-орунду 3-ди,3-орунду 3-ми(к)тайпасы камсыз кылышып,грамота менен сыйланышты.Иш-чара көркөм окуулар жана обондуу ырлар менен коштолуп,флешмоб менен соңуна чыкты.