Методикалык бөлүмдүн сунушу жана талаптарына ылайык, биздин окуу жайдын окутуучулары ар үч жылда бир жолу стажировкадан өтүп турушу керек. Бул...
Колледж медициналык уюмдар, мамлекеттик мекемелер, иш берүүчүлөр жана коомдук уюмдар менен адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында активдүү кызматташат.
Кызматташуунун негизги багыттары
- окуу практикаларын уюштуруу;
- өндүрүштүк практиканы уюштуруу;
- диплом алдындагы практиканы уюштуруу;
- мастер-класстарды өткөрүү;
- медициналык уюмдардын адистерин окуу процессине тартуу;
- тегерек столдорду уюштуруу;
- биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;
- бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү.
- медициналык изилдөөлөрдөн өтүү
- медициналык кароодон өткөрүү
Биздин социалдык өнөктөштөр
🏥 Саламаттык сактоо уюмдары
- Нарын облустук бириктирилген ооруканасы;
- Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Нарын облустук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору;
- Нарын облустук Психиатрия жана наркология борбору;
- Нарын облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борбору;
- Нарын облустук Кан борбору;
- Нарын облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору;
- Тез медициналык жардам станциясы;
- Райондук аймактык ооруканалар;
- Жалпы дарыгерлик практика борборлору;
- Ага Хан медициналык-диагностикалык борбору (Нарын шаары).
Колледж Ага Хан медициналык-диагностикалык борбору менен кызматташуунун алкагында студенттердин лабораториялык изилдөөлөрүн жана флюорографиялык текшерүүлөрүн уюштурат. Ошондой эле заманбап диагностикалык жабдуулар менен иштөө тажрыйбасын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
💊 Фармацевтикалык уюмдар
- Нарын облустук мамлекеттик дарыканасы.
🎭 Маданият мекемелери
- Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры.
Колледж аталган театр менен чыгармачылык жана тарбиялык багытта тыгыз кызматташат. Колледждин театр-студиясынын мүчөлөрү театрдын чыгармачыл жамааты менен биргеликте жаштар арасында сергек жашоо образын, жарандык жоопкерчиликти жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтууга багытталган социалдык спектаклдерди сахналаштырып келишет.
Ошондой эле студенттер үчүн атайын жылдык театр абонементи уюштурулуп, бир жолу алынган билеттин негизинде театрдын бир жыл ичинде коюлган бардык спектаклдерине катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул кызматташтык студенттердин маданий деңгээлин жогорулатууга жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
🛡 Мамлекеттик органдар
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Нарын облустук ички иштер башкармалыгы.
Кызматташуунун алкагында колледж студенттери, айрыкча театр-студиянын мүчөлөрү, коомдук коопсуздукту жана укуктук аң-сезимди жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорго активдүү катышышат.
Биргелешип төмөнкү багыттар боюнча социалдык роликтер жана театрлаштырылган көрсөтүүлөр даярдалат:
- коррупциянын алдын алуу;
- рэкетчиликке каршы күрөшүү;
- баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу;
- жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу;
- сергек жашоо образын жана мыйзамдуулукту жайылтуу.
Мындай кызматташтык студенттердин кесиптик гана эмес, жарандык жоопкерчилигин, патриоттук аң-сезимин жана социалдык активдүүлүгүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Клиникалык базалар
| № | Клиникалык база | Адистиктер | Практиканын түрү |
|---|---|---|---|
| 1 | Нарын облустук бириктирилген ооруканасы | Дарылоо иши, Медайымдык иш, Акушердик иш, Лабораториялык диагностика | Окуу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практика |
| 2 | Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору | Дарылоо иши, Медайымдык иш | Окуу жана өндүрүштүк практика |
| 3 | Нарын облустук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору | Лабораториялык диагностика | Өндүрүштүк жана диплом алдындагы практика |
| 4 | Нарын облустук Кан борбору | Лабораториялык диагностика | Өндүрүштүк практика |
| 5 | Нарын облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борбору | Дарылоо иши | Өндүрүштүк практика |
| 6 | Нарын облустук Психиатрия жана наркология борбору | Дарылоо иши | Өндүрүштүк практика |
| 7 | Тез медициналык жардам станциясы | Дарылоо иши | Өндүрүштүк практика |
| 8 | Аймактык жалпы дарыгерлик практика борборлору | Медайымдык иш, Дарылоо иши | Окуу жана өндүрүштүк практика |
| 9 | Аймактык ооруканалар | Бардык адистиктер | Өндүрүштүк жана диплом алдындагы практика |
| 10 | Нарын облустук мамлекеттик дарыканасы | Фармация | Окуу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практика |
| 11 | Башка өнөктөш медициналык уюмдар | Тийиштүү адистиктер боюнча | Практикалык даярдоо |
- All
- Социалдык өнөктөштөр
Нарын медициналык колледжинде медициналык кароо өттү Бүгүн Нарын медициналык колледжинде студенттер үчүн пландуу медициналык кароо жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты —...
Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиологу Сооронбаев Б.Э. бүгүн Нарын медициналык колледжинин студенттери менен...
Нарын медициналык колледжинин студенттери кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чараларга катышты 24-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү...

































