Menu Close

2021-жылдын 14-сентябрь айында Нарын медициналык колледжинде педагогикалык кеңешме болуп өттү. Педагогикалык кеңешмеге Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Садыкова Элмира Аманатовна жана социалдык өнөктөштөр чакырылды .

Педагогикалык кеңешмеде директордун окуу иштери боюнча орун басары тарабынан 2020-2021- окуу жылындагы жүргүзүлгөн иштер, бүтүрүүчүлөрдүн саны, акыркы үч жылдагы билим сапаты боюнча көрсөткүчтөр, окутуучулардын сапаттык курамы, академиялык беделди жогорулатуу, академиялык мобилдуулук, социалдык өнөктөштурууну бекемдөө, колледждеги окуу- тарбиялык иш-чаралар, студенттер үчүн усулдук иштелмелер, материалдык техникалык база, COVID-19 мобилдик топтордо, Газпромдо күндүзгү стационарда жүргүзгөн иштери боюнча видеослайддар коштогон отчет берилди.

Педагогикалык кеңешмеде Нарын медициналык колледжинин бухгалтери Капарова Акылыйма КР Саламаттык сактоо министрлигинин “Мыкты кызматкери төш белгиси” жана практикалык окутуу боюнча директордун орун басары Дүйшөмбиева Гүлкайыр Султакеевна “Ардак грамотасы”, ошондой эле бир нече кызматкерлер колледждин сыйлыктарына ээ болушту.

Социалдык өнөктөштөр тарабынан колледждин дарегине жылуу сөздөрүн айтышты.

Кеңешмеге келген социалдык өнөктөштөргө колледждин атынан ыраазычылык каттар берилип, соңунда колледждин директору жана окутуучулар тарабынан бир нече көйгөйлүү суроолор берилип, шаар башчысынан ынанымдуу жооптор алынды.