Menu Close

2021-жылдын 22- сентябрь күнү, КР Билим берүү жана илим министри Купешев Болотбек Душекович жана министрликтин статс- катчысы Шадыханов Калысбек Токтосунович Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы музыкалык мектептин жыйындар залында облустун билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда облустагы билим берүү уюмдарынын абалын, окутуунун сапаты талкууланды.

Министрдин андан аркы сапары Нарын медициналык колледжинде улантылды.
Б. Купешев колледждин директору Т.  Арпачиева жана окуу иштери боюнча директордун орун басары Г. Ходжанова менен жолугуп, материалдык- техникалык базасы менен таанышты.

Министр аталган колледждин билим берүүгө түзүлгөн шарттар, материалдык- техникалык базасы жогорку деңгээлде экенин баалап, колледждин дарегине жылуу сөздөрүн айтып, ыраазычылык билдирип кетишти.

Жолугушууда колледждин директору тарабынан өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу COVID-19 жугуштуу оорусуна каршы күрөшүү иштерин жакшыртуу максатында азыркы тапта студенттер эмдөөдөн өтүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле колледждин чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелери айтылып, министр маселени чечүүнүн жолдору боюнча ой пикирлерин билдиришти.