Menu Close

2021- жылдын сентябрь айынын 16-17-кундору Нарын шаарыбыздын 153 жылдыгына карата волейбол оюуну боюнча эки категорияда: -18 жаштан 35 жашка чейинки; – 35 жаштан жогору кыз – келиндер арасында чоң турнир болуп өттү.

Оюнга облусубуздун жана өлкөбүздүн баардык тармактарынан катышты.

18 жаштан 35 ке чейинки курактагы кыз-келиндер арасында 8 команда, ал эми 35 жаштан жогору курактагы кыз-келиндер арасында 9 команда беттешти.

Нарын медициналык колледжинен 18+ категориясынан 2 команда,
35+ категориясынан 1команда жалпы 3 команда турнирге аттанышты .

Жыйынтыгында:
18+ категориясынан
1-орун Ак-Талаа
2-орун Ак-Муз
3-орун Мед колледж 2 командалары жеңишке ээ болсо,
ал эми 35+ категориясынан
1-орун Обл. ЦСМ
2-орун Долон
3-орун Аска-Нур
4-орун Мед колледж 3
командалары жеңишке ээ болушту.

Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, жеңишке ээ болгон командалар “кубок”, диплом, грамота, акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды.