“Мамлекеттик тил күнү – “Аруу тил, Асыл мурас”
23-сентябрда Нарын медициналык колледжинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Аруу тил – Асыл мурас” аттуу маданий-агартуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чара гимн менен ачылып, кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана тилин даңазалаган обондуу ырлар, көркөм окуулар, сценкалар, комуз күүлөрү, монологдор жана “Ынтымак бийи” тартууланды. Бул кече студенттердин талантын ачып, тилге болгон сый-урматын дагы бир жолу айгинеледи .
Ошондой эле иш-чаранын алкагында “Улут болсом – тилим менен улутмун” аттуу дил баян сынагы өткөрүлүп, мыктылар аныкталды:
Жеңүүчүлөр:
✨ I-орун – Солдатбекова Кыял (1-ДИ тайпасы)
✨ II-орун – Темирова Жаңылай (1-МИ тайпасы)
✨ III-орун – Султанбекова Күлсүн (1-МИ тайпасы)
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн:
Ырыскелди кызы Айгүл (1-Фармация тайпасы)
Абдыбекова Насима (1-АИ тайпасы)
грамоталар менен сыйланышты .
Бул кече эне тилдин кадыр-баркын даңазалап, студенттердин патриоттук сезимин ойготту жана ар бирибиз үчүн кыргыз тилин сактап, өнүктүрүү ыйык милдет экенин эскертти.
