Нарын медициналык колледжинин 4- “Дарылоо иши” тайпасынын бүтүрүүчүлѳрү терапия, хирургия, педиатрия сабактарынан жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация тапшырышты.
ЖМАнын төрагасы НОБОнун терапевт дарыгери А.К. Калманбетова, мүчөлөрү: Дүйшөнбиева Р.С, Дүйшөнбиева Г.С, Иманканова К. А, катчы Шырдакова Ү.Д. турган комиссиянын курамы бекитилген.
ЖМАнын алгачкы экзамени Е bilim порталы менен теориялык бөлүгүн тест тапшыруу, андан соң тажрыйбалык бөлүгүн тренажердук борбордо кырдаалдык маселелерди чечүү, тажрыйбалык ыкмаларды демонстрациялоо менен тапшырышты.
Бүтүрүүчүлѳрдүн кѳпчүлүгү экзаменге жогорку деңгээлде даярданып, бүтүрүүчүлѳр 3,5 жыл ичинде медициналык билимди теориялык жана практикалык жактан мыкты ѳздѳштүргѳнүн, мамлекет үчүн даяр кадр экендигин далилдей алышты.
Жыйынтыгында, аталган колледждин бүтүрүүчүлѳрү мамлекеттик сынакты ийгиликтүү тапшырышып, окуудагы эң мыкты ийгиликтерге жетишкен жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттер сыйланышты.
ЖМАнын төрагасы Калманбетова Анара Кыдыковнага мамлекеттик аттестацияга катышып, жогорку деңгээлде өтүүсүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн, бүтүрүүчүлөрүбузго туура багыт, сунуш бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен сынак өткөрүлдү.