Саламаттык сактоонун сапаты – дени сак коомдун башаты
24.06.24-24.06.05 Талдыкорган жогорку медициналык колледжинин окутуучулары (Казакстан) Кыргызстандын пилоттук медициналык колледждериндеги кесиптештери менен тажрыйба алмашуу жана квалификациясын жогорулатуу максатында Бишкекке иш сапары менен келишти. Иш сапардын программасы төмөнкү темаларды талкуулоону камтыды:
• “Медайымдар иши” адистиги боюнча кадрларды даярдоо;
• Прикладдык бакалавр даражасын киргизүү;
• Бейтаптын коопсуздугу;
• Коомдук иштер
• Изилдөө принциптери;
• Медайымдык иш кагаздары
Аталган семинарга 5 пилоттук колледждин мугалимдери, анын ичинде Нарын медициналык окуу жайынын окутуучулары: Ч.Э.Чукукова, Мамытбекова Г.И. жана Жакыпов А.С. катышып келишти. Биздин окуу жайдын жогорудагы окутуучулары бул окуудан ийгиликтүү өтүп, сертификаттарга ээ болуп кайтышты. Бул иш сапар кызматташтыкты чыңдоо жана биздин өлкөлөрдөгү медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
Нарын медициналык колледжи өлкөнүн саламаттыгына орчундуу салым кошууда омоктуу иштери аркылуу ар бир кадамына кылдат мамиле кылып, өз кадрларын өстүрүүнүн үстүндө талыкпай аракеттерди жасап келе жатат.