УЛУУ КӨЧТҮ УЛАП
УЛУУЛАРДЫН НУГУ МЕНЕН ЖАШТАРДЫН ЖОЛУ КЕНЕН
Жашоонун жаркыраган дагы бир күнү биздин колледждин улук мугалимдери жана аксакалдары менен мааниси да, шааниси да артып турду. Улуу муундун устаттары окуу жайдын назарынын борборунда болушту. Октябрь айынын башында белгилене турган Эл аралык Карылар күнүнүн урматына студенттер жана администрациянын жаш мугалимдери кадырман карыяларыбызды чын дилинен куттукташты. “Улууга урмат, кичүүгө ызаат” деген алтын эрежени ыйык туткан кыргыз эли кылым карытып, ушуга окшогон асыл баалуулуктар менен кыйла элден өзгөчөлөнүп турганы тарыхтын таразасында так өлчөнүп келет. Улуу муундун кадырмандарына чың ден-соолук каалап, колледжге сиңирген эмгектерине терең ыраазычылык билдиришти. Майрамдык маанайды коштоо үчүн чогулгандар чай үстүндө даам сызып, атайын портреттер жана ысымдарына арналган ырлар тартууланды.
Насааты менен наркын сактаган, ак эмгек жана бийик аброю менен окуу жайдын ишеничин актаган бул кадырлуу муун ар дайым күч-кубат, акылмандык жана мээрим менен жаштарды тарбиялап келишет. Алардын мол тажрыйбасы жана ак мээнети баа жеткис. Кадырман мугалимдерибизге ден-соолук, бакубат жашоо каалап, келечекте да бизди шыктандырып жүрө беришин каалайбыз.