СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата маалыматтык лекция
Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиологу Сооронбаев Б.Э. бүгүн Нарын медициналык колледжинин студенттери менен жолугушуп, 1-декбрь — СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп жаткан бир айлык акциянын алкагында маалымдоо-агартуу иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө адис студенттерге ВИЧ/СПИД тууралуу кеңири маалымат берип, жугуу жолдору, алдын алуу чаралары жана өз убагында текшерүүдөн өтүүнүн мааниси тууралуу түшүндүрүп берди. Профилактикалык лекция жугуштуу оорулардын алдын алуу маданиятын жогорулатууга, жаштардын маалымдуулугун арттырууга багытталды.
Студенттер активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Мындай жолугушуулар жаш муундун саламаттык маданиятын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.
#НарынМедКолледжи #СПИДгеКаршыКүрөшүүКүнү #1Декабрь #БирАйлыкАкция #Профилактика #ВИЧСПИД #МаалымдооАгартуу #СооронбаевБЭ #СаламаттыкСактоо #ЖаштарСаламаттыгы #Нарын



