Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу максатындагы стажировка
Методикалык бөлүмдүн сунушу жана талаптарына ылайык, биздин окуу жайдын окутуучулары ар үч жылда бир жолу стажировкадан өтүп турушу керек. Бул талап окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана билим берүү процессин заманбап стандарттарга ылайык жүргүзүүгө багытталган.
Аталган талаптын алкагында бир катар окутуучулар төмөнкү багыттар боюнча стажировкадан өтүштү:
• медайымдык иш;
• реанимация жана хирургия;
• офтальмология жана отоларингология;
• фармацевтикалык химия;
• терапия жана башка клиникалык багыттар.
Стажировкадан өткөн окутуучулар: Иманканова К., Дөөтова З., Алмазбеков А., Касканова А., Асанкулова Э., Тынычбекова Г., Болотбекова С..
Стажировканын жүрүшүндө окутуучулар практикалык ишмердүүлүк менен катар заманбап медициналык аппараттар, ошондой эле жаңы буйруктар, нормативдик талаптар жана иш алып баруунун актуалдуу стандарттары менен таанышып келишти. Бул тажрыйба студенттерге теория менен катар практикага негизделген, сапаттуу билим берүүгө шарт түзөт.

