Зомбулукка каршы биргелешкен кадам
Нарын медициналык колледжинде @stopvi.kg коомдук фондунун психологдор тобу — Николай Воробьев @nickolay_vorobyov , Мария Беккер @bekkermariia , Айдэна Самудиновна
Виктория Дмитриевна — «Зомбулукка каршы» аттуу семинар-тренинг өткөрүштү.
Иш-чара колледжде иш алып барган штаттык психолог Шапакова Жайна Рахатбековнанын демилгеси жана анын чакыруусу менен уюштурулуп, студенттердин психологиялык коопсуздугун чыңдоого багытталды.
Тренингде зордук-зомбулук, депрессия жана көз карандылык темалары талкууланып, 1–2-курстун студенттерине маанилүү психологиялык маалыматтар жана практикалык кеңештер берилди.
Ошондой эле конок адистер шаардагы мектептерде да 4–10-класстын окуучулары үчүн ушундай багыттагы семинарларды өткөрүштү.
Мындай профилактикалык иш-чаралар жаштардын психологиялык маданиятын жогорулатууга жана коопсуз коомдук чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзөт.








