KOICA волонтердук программаларынын координаторунун Нарын медициналык колледжине болгон иш сапары
Нарын медициналык колледжинде Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) волонтердук программаларынын координатору Янг Ха Ындын иш сапары болуп өттү.
Нарын медициналык колледжи бир нече жылдан бери KOICA менен кызматташып, медициналык билим берүүнү өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана билим берүү процессин жакшыртууга багытталган биргелешкен иштерди жүргүзүп келет.
Иш сапардын жүрүшүндө Янг Ха Ын колледждин окуу жайлары менен таанышып, материалдык-техникалык базасы жана билим берүү процессинин уюштурулушу тууралуу маалымат алды.
Жолугушуунун алкагында колледжге in vitro форматында заара анализин жүргүзүүчү жеке диагностикалык түзүлүштөр тапшырылып, мындан аркы кызматташтык багыттары талкууланды.
Белгилей кетсек, KOICA менен кызматташуунун алкагында 2023-жылы Нарын медициналык колледжине Корея Республикасынан волонтер — медайым Сонг Хеюн келген. Ал бир жыл бою студенттерге өзүнүн кесиптик билимин жана практикалык тажрыйбасын бөлүшүп, окуу процессине чоң салым кошкон.
Ошондой эле KOICAнын колдоосу менен колледждин актовый залы заманбап чоң LED-экран менен жабдылган. Бул жабдуу билим берүү жана маданий иш-чараларды өткөрүүдө колдонулууда.
Нарын медициналык колледжи KOICA агенттигине көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет жана мындан ары да жемиштүү кызматташтык уланарына ишеним билдирет.





