Тегерек стол
Нарын шаарында орто медициналык билим берүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды
2026-жылдын 5–6-октябрында Нарын медициналык колледжинин 80 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасында орто медициналык билим берүүнүн көйгөйлөрүнө жана келечегине арналган тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столдун темасы: «Кыргыз Республикасындагы орто медициналык билим берүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги: сестралык ишти реформалоонун натыйжаларын башка медициналык адистиктерге жайылтуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу».
Талкуунун жүрүшүндө орто медициналык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, медайымдык ишти реформалоонун натыйжалуу тажрыйбаларын башка медициналык адистиктерге жайылтуу, дипломдон кийинки билим берүүнүн уланмалуулугун камсыз кылуу жана медициналык колледждердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери каралды.
Катышуучулар заманбап медициналык адистердин кесиптик билими жана практикалык көндүмдөрү менен катар коммуникация, сынчыл ой жүгүртүү, командада иштөө, санариптик сабаттуулук жана кесиптик этика сыяктуу компетенцияларга ээ болушунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Тегерек столдун жыйынтыгында төмөнкү багыттар боюнча сунуштар жана чечимдер кабыл алынды:
* Медайымдык ишти реформалоонун натыйжаларын системалаштыруу жана башка медициналык адистиктерге жайылтуу;
* Орто медициналык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;
* Дипломдон кийинки билим берүү системасын өркүндөтүү, мурда алынган билимдерди, кредиттерди жана компетенцияларды таануу;
* Үй-бүлөлүк медицина үчүн орто медициналык адистерди даярдоо жана аларды ишке кабыл алуу маселелерин өркүндөтүү;
* Медициналык колледждердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
* Медициналык колледждер менен саламаттык сактоо уюмдарынын кызматташтыгын күчөтүү;
* Мамлекеттик аккредитациянын талаптарына жооп берген алдыңкы медициналык адистиктердин базасында прикладдык бакалавриат программасын киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
* Нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө диплом берүү маселесин кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине сунуш киргизүү чечими кабыл алынды.
Тегерек столдун күтүлгөн натыйжаларынын бири — 2026–2030-жылдарга карата орто медициналык билим берүүнү өнүктүрүүнүн жол картасын иштеп чыгуу.
Тегерек столдо айтылган сунуштар жана кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасында орто медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, билим берүү менен практикалык саламаттык сактоонун ортосундагы байланышты чыңдоого жана квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоону өнүктүрүүгө багытталган.
#ОртоМедициналыкБилимБерүү #НарынМедициналыкКолледжи #80ЖылдыкМаараке #МедициналыкБилимБерүү #СаламаттыкСактоо
