НАРЫН ШААРЫНДА КОРОНАВИРУС ПАНДЕМИЯСЫНАН КОРГОНУУЧУ КИЙИМДЕР ТИГИЛЕ БАШТАДЫ
19-марттан баштап Нарын шаарындагы #87-кесиптик лицейинде коронавирус пандемиясынан коргонуучу кийимдер тигиле баштады. Бул тигилген кийимдер медицина тармагына, күч органдарына жана тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө берилет. Ал жерге Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров барып, жүрүп жаткан иш менен таанышып, тигүүчүлөргө ыраазычылык билдирди.
Мындай демилгени облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун директору Айнагүл Бектурсунова жана Нарын медициналык колледжинин директору Төлөгүл Арпачиева көтөрүп, материалдарын таап, ишти башташкан.
Ал эми бул алгылыктуу ишти материалдык жактан колдогон ишкер айым, шаардык Кеңештин депутаты Ырыс айымга, #87 кесиптик лицейинин директору Байыш Турганбаевге жана аталган лицейдин тигүү цехинин жамаатына Нарын шаардык мэриясы ыраазычылык билдирет.