ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК- КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ЖОЛ.
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК- КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ЖОЛ.
Нарын медициналык колледжи менен Германиядагы
EDUVISO (Адистерди эл аралык деңгээлде даярдоо) программасы менен келишим түзүлдү.
Нарын медициналык колледжинин директору Т.Б. Арпачиева EDUVISO (Адистерди эл аралык деңгээлде даярдоо) программасынын өкүлү Торстен Свобода менен жолугушуп, эки тилде эки тараптуу келишимге кол коюлду.
Бул келишимдин алкагында, медициналык колледждеги 1-курстун студенттерине немец тили киргизилет. Студенттер 2 жыл 10 айдын ичинде медициналык билим алуу менен бирге немец тилин жакшылап өздөштүрүшөт. Бүткөндө диплом менен кошо немец тилин билгендигин тастыктаган В2 сертификатын алып чыгышат. Андан соң бүтүрүүчүлөр Германия өлкөсүнө барып, кесиби боюнча жумуш менен камсыз болушат.
Нарын медициналык колледжинин окутуучулар тарабынан кесипке багыт берүү максатында Нарын шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө EDUVISO программасы тууралуу кеңири маалымат беришти.