Жалпы маалымат
Адистиктин шифри: 060110
Билим берүү программасынын аталышы: Лаборатордук диагностика
Квалификациясы: Медициналык лабораториялык техник
Окутуунун формасы: Күндүзгү
Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай
Окутуу тили: Кыргыз тили, орус тили
Программанын максаты
Саламаттык сактоо системасынын талаптарына жооп берген, клиникалык-диагностикалык лабораторияларда изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү, заманбап лабораториялык технологияларды өздөштүргөн жана кесиптик компетенцияларга ээ медициналык лабораториялык техниктерди даярдоо.
Бүтүрүүчүнүн модели
Бүтүрүүчү төмөнкүлөрдү аткара алат:
- биологиялык материалдарды кабыл алуу жана изилдөөгө даярдоо;
- клиникалык, гематологиялык, биохимиялык жана микробиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- лабораториялык жабдуулар менен иштөө;
- лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын каттоо жана талдоо;
- санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо;
- сапатты көзөмөлдөө иш-чараларына катышуу;
- медициналык этиканын жана деонтологиянын талаптарын сактоо.
Негизги компетенциялар
- кесиптик компетенттүүлүк;
- лабораториялык жабдуулар менен иштөө жөндөмдүүлүгү;
- аналитикалык ой жүгүртүү;
- маалыматтык компетенттүүлүк;
- укуктук сабаттуулук;
- медициналык документтер менен иштөө көндүмдөрү;
- командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
- үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө даярдык.
Практикалык даярдоо
Практикалык окутуу клиникалык-диагностикалык лабораториялардын базасында жүргүзүлөт. Студенттер лабораториялык анализдерди жүргүзүү, натыйжаларды каттоо жана лабораториялык жабдууларды колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.
Практиканын базалары:
- Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын лабораториясы;
- клиникалык-диагностикалык лабораториялар;
- санитардык-эпидемиологиялык кызматтын лабораториялары;
- жеке менчик медициналык лабораториялар;
- башка саламаттык сактоо мекемелери.
Бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү
Медициналык лабораториялык техниктер төмөнкү мекемелерде эмгектене алышат:
- клиникалык-диагностикалык лабораторияларда;
- мамлекеттик жана жеке менчик ооруканаларда;
- санитардык-эпидемиологиялык кызматтарда;
- диагностикалык борборлордо;
- илимий-изилдөө мекемелеринде;
- жеке менчик медициналык лабораторияларда;
- башка саламаттык сактоо уюмдарында.
