MER ДОЛБООРУНУН ЭЛАРАЛЫК ЭКСПЕРТИ БРИГИТА СКЕЛА САВИЧ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ.
Швейцария Республикасынын каржылоосу менен «Медайымдык билим берүүнү реформалоо” алкагында «Медициналык айым иши» адистигинин жаңыртылган окуу пландары менен 2022-2023-окуу жылынан тартып Нарын медициналык колледжи иш алып барууда.
Бүгүн 2023-жылдын 17-октябрында аталган долбоордун Эл аралык эксперти Бригита Скела Савич жана анын командасы студенттер 1-курсту аяктагандыктан, биринчи жылдын жыйынтыгы баалоо боюнча колледждин студенттери, окутуучулары жана насаатчылары менен пикир алмашуу жүргүзүштү.