1-тиркеме

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 4-июлундагы
№ 470 
токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуунун
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279, 2020-жылдын 22-июлундагы № 391, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Бул Тартип Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобого ылайык иштелип чыкты.

  1. Жалпы жоболор

  1. Бул кабыл алуу тартиби уюштуруучулук укуктук формаларына (ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына) карабастан, Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү программаларды ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына кабыл алууну жөнгө салат.

Бул кабыл алуу тартиби менен жөнгө салынбаган маселелерди кесиптик орто окуу жайлар (мындан ары – КООЖ) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча чечишет.

  1. Коожго негизги орто же жалпы орто жана кесиптик башталгыч билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар кабыл алынат (эгер окуу 2 жыл болсо).

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Кыргыз Республикасынын жарандары эгер бул деңгээлдеги билим алар тарабынан биринчи жолу алынып жатса, конкурстук негизде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде акысыз орто кесиптик билим алууга укуктуу.
  2. КООЖдорго кабыл алуу конкурстун негизинде ишке ашырылат. Конкурстун шарттары жарандардын билим берүү жаатындагы укуктарын сактоону гарантиялап, жөндөмдүү жана даярдыктуу адамдардын кесиптик орто билим алуусун камсыздоого тийиш.
  3. КООЖдордун адистиктеринин тизмеси жана бюджеттик каражаттардын эсебинен кабыл алуу планы министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өтүнмөлөрүнүн негизинде жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355токтомуменен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жободо белгиленген тартипте түзүлөт, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. КООЖдор боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен кабыл алуу планы ведомстволук баш ийүүсүндө КООЖдор бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. I, II группадагы майып жарандардын, жеңилдиктери жана гарантиялары боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңдештирилген адамдардын, бала кезинен майыптардын, майып балдардын, айылдык жаштардын жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген кыргыз улутундагы адамдардын, ошондой эле жетим балдардын жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдардын ичиндеги жарандарга жыл сайын бюджеттик каражаттын эсебинен адистиктер боюнча кабыл алуу планынын (контролдук цифранын) чегинде квоталар берилет.
  2. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, адистиктер боюнча келишимдик (акы төлөнүүчү) негизде кабыл алуу планы КООЖдор тарабынан лицензияга ылайык түзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. КООЖдор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү адистиктеринин тизмесине ылайык тиешелүү адистиктер боюнча кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттары болгон учурда гана жарандарды окууга кабыл алууну жарыялоого укуктуу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Кыргыз Республикасынын КООЖдорунда башка мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдары же жеке жарандар менен келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
  2. Кабыл алууну уюштуруу
  3. Бул Тартипке ылайык кабыл алууну уюштуруу үчүн КООЖдун кабыл алуу комиссиясы түзүлүп, анын төрагасы окуу жайдын жетекчиси (директору, начальниги) болот.
  4. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы кабыл алуу планынын аткарылышы, лицензиялык талаптардын, ошондой эле КООЖдорго кабыл алууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иштөө тартибин, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын жарандарды кабыл алуу графигин бекитет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Кабыл алуучу сыноолорду уюштуруу жана өткөрүү үчүн кабыл алуу комиссиясынын төрагасы сынактык жана апелляциялык комиссиялардын курамдарын бекитет. Сынактык жана апелляциялык комиссиялардын ыйгарым укуктары жана иш тартиптери КООЖ жетекчиси бекитүүчү алар жөнүндө жоболор менен аныкталат.
  2. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жеке кабыл алууну КООЖдун жетекчиси тарабынан дайындалуучу жооптуу катчы уюштурат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Кабыл алуучу комиссиянын курамы, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби КООЖдун жетекчиси бекитүүчү ал жөнүндө жобо менен аныкталат. Кабыл алуучу комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жыл.
  2. Орто кесиптик окуу жайга кабыл алууда кабыл алуу комиссиясынын төрагасы жарандардын билим берүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген укуктарын сактоону, кабыл алуучу жана апелляциялык комиссиялардын ишинин ачык-айкындыгын, тапшыруучулардын жөндөмүн жана шыктарын баалоонун объективдүүлүгүн, кабыл алуунун бардык этаптарында кабыл алуучу комиссиянын жетекчилигине жеткиликтүүлүктү камсыздайт.
  3. КООЖго кабыл алуу жөнүндө арыз абитуриент тарабынан автоматташтырылган маалыматтык система – билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн КООЖдорго каттоо жана кабыл алуу үчүн портал аркылуу электрондук түрдө берилет. КООЖго кабыл алуу жөнүндө арыз берүүдө абитуриент электрондук түрдө төмөнкү документтерди тапшырат:

– паспортун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн;

– негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктү же орто жалпы билими жөнүндө аттестатты жана кесиптик башталгыч билими жөнүндө дипломду же анын дубликатын;

– аскердик билетин же катталуу күбөлүгүн;

– керектүү сандагы сүрөтүн (3×4 – 6 даана);

– эгерде абитуриент ушул Тартиптин 32, 33 жана 34-пункттарында көрсөтүлгөн жеңилдиктерге укуктуу болсо, ырастоочу документтерди.

КООЖго окууга кабыл алынган абитуриенттер кийин кабыл алуу комиссиясына ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин түп нускаларын берет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Окутуунун ар түрдүү формаларына жана келишим (акы төлөө) негизинде окууга түшкөн арыздар өз-өзүнчө бөлөк катталып, бөлөк эсепке алынат.
  2. Документтерди электрондук түрдө кабыл алуу жана каттоо учурдагы жылдын 1-июлунан тартып 30-августуна чейин жүргүзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. КООЖдор алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан кабыл алуу эрежелеринКыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Тартипке каршы келбөө бөлүгүндө ушул кабыл алуу эрежелерин жыл сайын иштеп чыгат жана бекитет.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

  1. Чет өлкөлүк окуу жайларда окуган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын негизги жалпы же орто жалпы билими жөнүндө мамлекеттик документке эквиваленттүү билими жөнүндө документти көрсөтүүгө тийиш.

Чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билими жөнүндө документтерди экспертизалоо билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк окуу жайларда окуган Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген билиминин мазмунунун деңгээлинин шайкештиги жөнүндө маалымкатты берүүсүз жол берилбейт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Кирүү сыноолору
  2. Уюштуруу-укуктук формасына, окутуунун формасына карабастан КООЖго кирүү үчүн башкы критерийлер болуп тапшыруучунун билиминин деңгээли жана жөндөмү эсептелет, аны текшерүү үчүн негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөгү же жалпы орто билими жөнүндө аттестаттагы орточо баа аныкталат жана/же кирүү сынактары өткөрүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. 211. Адистиктер боюнча конкурс (медициналык адистиктерден, маданият, искусство, дене тарбия чөйрөсүндөгү адистиктерден тышкары) жалпы орто билими жөнүндө аттестаттагы же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөгү орточо баанын негизинде конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдөөчү предметтер боюнча бааларды эске алуу менен өткөрүлөт.

Жалпы орто билими жөнүндө аттестаттагы же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөгү орточо бааны жана конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдөөчү предметтер боюнча бааны аныктоо тартиби билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Эгерде бир орунга аттестаттагы же күбөлүктөгү орточо баа жана конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдөөчү предметтер боюнча баалары бирдей болгон абитуриенттер талапкер болсо, КООЖдун кабыл алуу комиссиясы алар үчүн кошумча кирүү сынактарын өткөрөт.

Медициналык адистиктер жана маданият, искусство, дене тарбия чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча конкурс КООЖ тарабынан өз алдынча өткөрүлгөн кирүү сынактарын тапшырууда абитуриент алган баллдын суммасы жана аттестаттагы орточо баа боюнча өткөрүлөт.

Маданият, искусство, дене тарбия чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча конкурс КООЖ тарабынан өз алдынча өткөрүлгөн кирүү сынактарынын жыйынтыктары боюнча өткөрүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Кирүү сынактарын өткөрүү мөөнөттөрү жыл сайын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

– (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

– (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кирүү сынактары бланктык же компьютердик тестирлөө, оозеки же жазуу түрүндөгү экзамен, угуу, көрүү ж.б. түрдө өткөрүлөт. Өзгөчө абалда, өзгөчө кырдаалда ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кирүү сынактарын онлайн режимде өткөрүүгө жол берилет.

КООЖго тапшыргандар кирүү сыноолорун мамлекеттик же расмий тилде берүүнү тандап алууга укуктуу.

Кабыл алуунун тартиби, ошондой эле кабыл алуу комиссияларынын арыздарды кабыл алууну уюштуруу боюнча чечимдери, кирүү сыноолорун өткөрүүнүн расписаниеси, кабыл алуунун жыйынтыктары абитуриенттерге өз учурунда билдирилиши керек.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. КООЖдун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы бекиткен КООЖдун кабыл алуу эрежелеринде кирүү сынактары өткөрүлүүчү предметтердин тизмеси, КООЖдун адистиктери боюнча профилдөөчү предметтердин тизмеси, кирүү сынактарын өткөрүү формасы жана апелляцияларды кароо тартиби аныкталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Маданият, искусство, дене тарбия, архитектура чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча окууга кабыл алууда абитуриенттин түздөн-түз катышуусу менен кошумча кирүү сыноолору өткөрүлүшү мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Ушул Тартиптин 24-пунктунда аталгандардан тышкаркы адистиктер боюнча кирүү сыноолору негизги жалпы жана (же) жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларына ылайык келген программалар боюнча өткөрүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. 251.(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334токтомуна ылайык күчүн жоготту)
  2. Кирүү сыноолоруна себепсиз келбей калгандар, канааттанаарлык эмес баа алгандар КООЖго кирүү конкурсунан чыгарылат.
  3. Бирдиктүү талаптардын аткарылышын, тесттик тапшырмалар (суроолор) боюнча сыноолордогу талаш маселелерди чечүү жана КООЖго тапшыргандардын укуктарын коргоону камсыздоо максатында КООЖдо апелляциялык комиссия түзүлөт.

Апелляциялык комиссиянын курамына билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, сабактар боюнча педагогикалык кызматкерлер көз карандысыз эксперт катары киришет.

  1. Абитуриенттердин апелляция жөнүндө арыздары кирүү сыноолорунун жыйынтыгы жарыялагандан кийин бир сутканын ичинде берилет да, алар апелляциялык комиссия тарабынан арыз ээсинин катышуусунда бир күндүн ичинде каралат.
  2. Апелляцияны кароо кайра экзамен тапшыруу эмес. Апелляцияны кароонун жүрүшүндө кирүү сынагын тапшыруунун натыйжасы туура же туура эмес бааланганы гана текшерилет.
  3. Кирүү сынагын кайра тапшырууга болбойт.
  4. Кабыл алуу
  5. Кабыл алуу кирүү сыноолору бүткөндөн кийин:

– окутуунун күндүзгү формасына – ошол жылдын 25-августунан кеч эмес;

– сырттан окуу формасына – ошол жылдын 30-августунан кеч эмес ишке ашырылат.

  1. Жакшы баа алса бюджеттик орундарга жана окутуу акысын төлөө менен келишим боюнча конкурстан сырткары кабыл алынчуулар:

– (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

– тоголок жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (ошол жылдын 1-октябрына карата 18 жашка чыга электер);

– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча даярдыктын жана адистиктин тандаган багыты боюнча коождо окуса болуучу адамдар;

– тандаган коождогу багыттар жана адистиктер боюнча эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү (ошол жылы 1-3-орундарды алгандар), эгерде олимпиадалык сабак профилдик болсо.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. “Спорттун чеберлигине талапкер”, “Кыргыз Республикасынын спортунун чебери”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спортунун чебери” спорттук наамдары бар спортсмендер, мөөнөттүү аскер кызматынан өткөн абитуриентке мамлекеттик жана муниципалдык орто кесиптик билим берүү мекемелерине тапшырууда бюджеттик орунга жана окутуу акысын төлөө менен келишим боюнча орундарга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк чемпионаттардын жана Азиялык оюндардын чемпиондору жана призерлору дене тарбия жана спорт тармагындагы адистиктери даярдоо үчүн мамлекеттик жана муниципалдык орто кесиптик билим берүү мекемелеринде билим алуу үчүн сынаксыз (экзаменсиз, тестирлөөсүз жана маектешүүсүз) кабыл алынат.
  2. Уюштуруучулук укуктук формаларына (ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчиктин формасына) карабастан КООЖдорго кабыл алуу билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы боюнча ишке ашырылат.
  3. Конкурстун жыйынтыгы боюнча кабыл алуу тууралуу буйрук кирүү сынактарында топтогон баллын көрсөтүү менен кабыл алуучу комиссиянын маалымат тактасына жарыяланат.
  4. КООЖдор уюштуруучулук-укуктук формаларына карабастанбилим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органгакабыл алуу жөнүндө жыйынтык маалыматтарды берүүчү мөөнөттөр:

– бюджеттик каражаттын эсебинен окууга алуу – 1-сентябрга чейин;

– акы төлөп окуу үчүн – 15-сентябрга чейин.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. КООЖдор ар бир окуу жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга статистикалык отчет берүүгө, ал эми кабыл алуу бүткөндөн кийин – студенттерди кабыл алууну уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө отчетту берүүгө милдеттүү.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. КООЖдордун кабыл алуу комиссияларынын ишин билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)