- All
- Кесипке багыт берүү
- Эл аралык кызматташтык
2022- окуу жылынан баштап “Окинава-Нарын” проектисинин келишиминин негизинде Relationship компаниясынын өкүлү Абакиров Асхат Таалайбекович тарабынан Нарын медициналык колледжинин 3-курстун студенттери менен биргеликте япон тилинде офлайн форматта сабактар өтүлүүдө. Ошондой эле 2023-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчисинин кеңешчиси Соичиро Окава мырза келип, “Japan day ” аттуу добулбасчыларынын концерти М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында коюлду.
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ: НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ -КОРЕЯ ( KOICA) Кыргыз Республикасындагы Корея Эл аралык кызматташтык (KOICA) агенттигинин өкүлчүлүгү Нарын медициналык окуу жайы менен кызматташкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен төмөндөгүлөрдү билдирет: 2014-жылдын 5-июнундагы Кыргыз Респуликасынын өкүлчүлүгү жана Корея Республикасынын өкүлчүлүгү ортосундагы “Кайтарымсыз жардам көрсөтүүнүн алкагындагы” келишимди иш жүзүнө ашыруу максатында KOICA Эл аралык уюмунун өкүлчүлүгү КР 2022-жылдын 5-декабрында Нарын медициналык колледжине “Медициналык иш” багытында ыктыярчылык милдетти аткаруу үчүн…