Жалпы маалымат
Адистиктин шифри: 060102
Билим берүү программасынын аталышы: Акушердик иш
Квалификациясы: Акушерка / Акушер
Окутуунун формасы: Күндүзгү
Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай
Окутуу тили: Кыргыз тили, орус тили
Программанын максаты
Саламаттык сактоо системасынын талаптарына жооп берген, аялдардын репродуктивдүү ден соолугун сактоо, кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде медициналык жардам көрсөтүү боюнча кесиптик компетенцияларга ээ болгон атаандаштыкка жөндөмдүү акушерлерди даярдоо.
Бүтүрүүчүнүн модели
Бүтүрүүчү төмөнкүлөрдү аткара алат:
- кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө;
- физиологиялык төрөттү кабыл алуу;
- төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде медициналык жардам көрсөтүү;
- жаңы төрөлгөн ымыркайларга алгачкы жардам көрсөтүү;
- аялдардын репродуктивдүү ден соолугун чыңдоо боюнча кеңеш берүү;
- профилактикалык жана санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү;
- медициналык этиканын жана деонтологиянын талаптарын сактоо.
Негизги компетенциялар
кесиптик компетенттүүлүк;
клиникалык ой жүгүртүү;
коммуникативдик компетенттүүлүк;
маалыматтык компетенттүүлүк;
укуктук сабаттуулук;
командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө даярдык.
Практикалык даярдоо
Практикалык окутуу төрөт үйлөрүндө, аялдар консультацияларында жана башка саламаттык сактоо мекемелеринде жүргүзүлөт. Студенттер кош бойлууларды кароо, төрөттү кабыл алуу жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жардам көрсөтүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.
Практиканын базалары:
- Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмү;
- Төрөт үйү;
- Аялдар консультациясы;
- Үй-бүлөлүк медицина борборлору;
- ФАПтар;
- башка медициналык мекемелер.
Бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү
Акушерлер төмөнкү мекемелерде эмгектене алышат:
- төрөт үйлөрүндө;
- перинаталдык борборлордо;
- аялдар консультацияларында;
- үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;
- мамлекеттик жана жеке менчик медициналык мекемелерде;
- репродуктивдүү ден соолук борборлорунда;
- башка саламаттык сактоо уюмдарында.
