Жалпы маалымат

Адистиктин шифри: 060108

Билим берүү программасынын аталышы: Фармация

Квалификациясы: Фармацевт

Окутуунун формасы: Күндүзгү

Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай

Окутуу тили: Кыргыз тили, орус тили


Программанын максаты

Саламаттык сактоо системасынын талаптарына жооп берген, дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен иштөө боюнча кесиптик компетенцияларга ээ, фармацевтикалык жардам көрсөтүүгө жөндөмдүү атаандаштыкка жөндөмдүү фармацевттерди даярдоо.


Бүтүрүүчүнүн модели

Бүтүрүүчү төмөнкүлөрдү аткара алат:

    • дары-дармек каражаттарын кабыл алуу, сактоо жана берүү;
    • дары каражаттары боюнча калкка кеңеш берүү;
    • рецепттер менен иштөө;
    • дарыкананын ассортиментин башкарууга катышуу;
    • дары каражаттарынын сапатын көзөмөлдөө;
    • фармацевтикалык документтерди жүргүзүү;
    • санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо;
    • медициналык этиканын жана деонтологиянын талаптарын сактоо.

Негизги компетенциялар

    • кесиптик компетенттүүлүк;
    • фармацевтикалык технологияларды колдонуу жөндөмдүүлүгү;
    • коммуникативдик компетенттүүлүк;
    • маалыматтык компетенттүүлүк;
    • укуктук сабаттуулук;
    • кардарлар менен натыйжалуу иштөө көндүмдөрү;
    • командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
    • үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө даярдык.

Практикалык даярдоо

Практикалык окутуу дарыканаларда жана фармацевтикалык уюмдарда жүргүзүлөт. Студенттер дары каражаттарын даярдоо, сактоо, эсепке алуу жана калкка берүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.

Практиканын базалары:

    • мамлекеттик дарыканалар;
    • жеке менчик дарыканалар;
    • ооруканадагы дарыканалар;
    • фармацевтикалык кампалар;
    • башка фармацевтикалык уюмдар.

Бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү

  • Фармацевттер төмөнкү мекемелерде эмгектене алышат:

    • мамлекеттик жана жеке менчик дарыканаларда;
    • ооруканадагы дарыканаларда;
    • фармацевтикалык компанияларда;
    • дары каражаттарын дүңүнөн сатуучу уюмдарда;
    • фармацевтикалык кампаларда;
    • медициналык мекемелерде;
    • башка фармацевтикалык уюмдарда.

Документтер

kirKyrgyz