Нарын медициналык колледжинде “Дени сак улут- өнүккөн өлкө” ураанынын алкагында жана академиялык мобилдуулукту өнүктүрүү максатында Кыргызстандагы медициналык колледждеринин ассоциациясынын тарабынан уюштурулган волейбол оюнуна Кыргызстандын 7дубанынан келген медициналык колледждердин командалары ат салышты.
Мелдешке жалпы 13 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду Нарын медициналык колледжи 15000 сомдук сертификат, 2- орунду ОШМУ алдындагы медициналык колледжи 10000 сомдук сертификат, 3-орунду КӨЭАУ медициналык колледжи 5000 сомдук сертификат жана тиешелүү даражадагы медалдар, дипломдор менен сыйланышты.
Иш-чара мыкты, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Мындай иш-чараны улантууну кийинки кезек Бишкек медициналык колледжине берилди.
ээ