Арстанбек Буйлаш уулуна арналган адабий кече
Нарын медициналык колледжинде китепкананын жетекчиси Артыкбаева Жылдыз жана кызматкери Камазбекова Жыпара тарабынан улуу акын Арстанбек Буйлаш уулунун өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган конференция жана “Арстанбек алп саптар” аттуу көркөм окуу, поэзия сааты болуп өттү. Иш-чарага колледждин студенттери кеңири катышып, акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баяндамалар окулуп, поэзиялык чыгармалары көркөм окулду. Ошондой эле, видео слайддар көрсөтүлүп, Арстанбектин дастаны комуздун мукам коштоосунда аткарылды.
Бул маданий иш-чара Президенттин инсанды руханий-адеп ахлактык жактан өркүндөтүү жана дене тарбиясын өнүктүрүү боюнча жарлыгына ылайык уюштурулуп, студенттердин улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, руханий баалуулуктарды тереңирээк түшүнүүгө шарт түздү.