Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү 2025
Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү 2025
Бүгүн, 7-апрелде, Нарын медициналык колледжинде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди. Бардык тайпалардын кураторлору студенттер менен ден соолук, ооруулардын алдын алуу жана дене тарбиясы тууралуу класстык сааттарын өткөрүштү.
Студенттер ден соолукту сактоонун, туура тамактануунун, спорт менен машыгуунун жана психологиялык ден соолукту чыңдоонун маанисин талкуулашты.
Биздин студенттер ал алган билимин келечектеги кесибинде жана күнүмдүк турмушунда колдонуп, ден соолукка кам көрө аларына ишенебиз!
#БүткүлДүйнөлүкДенСоолукКүни #ДенСоолук #НарынМедициналыкКолледжи #СаламатБол