
Арпачиева Төлөгүл Батыркановна
Директор
Туулган жылы: 05.01.1972 ж. , Жерге-Тал айылы, Теңир-Тоо району, Нарын облусу.
Билими: Жогорку. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган.Адистиги – Дарылоо иши.
Квалификациясы – врач-дарылоо адиси.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
-1989-1990-жылдары Фрунзе шаары, ГКБ №2 – санитарка.
-1996-1999-жылдары Нарын шаары, №3 поликлиника – үй-бүлөлүк дарыгер.
-2003-2007-жылдары Жалал-Абад медициналык колледжи – окутуучу.
-2007-2011-жылдары Нарын медициналык колледжи – окутуучу, бөлүм башчы.
-2011-2012-жылдары Нарын медициналык колледжинин директорунун милдетин аткаруучу.
-24.07.2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Нарын медициналык колледжинин директору.
Сыйлыктары:
-2002-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Ардак грамотаcы.
-2001-жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотаcы.
-2008-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотаcы.
-2011-жылы «Саламаттык сактоонун Ардактуу кызматкери» төш белгиси.
-2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотаcы.
-2021-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотаcы.
-2023-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотаcы.

Ходжанова Гүлмира Климовна
Окуу иштери боюнча директордун орун басары
Туулган жылы: 01.01.1968 ж., Нарын шаары
Билими: Жогорку медициналык билим
-1990-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институту. Стоматология факультети. Врач-стоматолог.
Орто кесиптик билим:
-1985-жылы Нарын медициналык окуу жайы. Медайым бөлүмү. Жалпы профилдеги медайым.
Кесиптик ишмердүүлүгү: Жалпы – 42 жыл, педагогикалык – 33 жыл
-2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин – Нарын медициналык колледжи. Окуу иштери боюнча директордун орун басары.
-2006-2007-жылдары – Кыргызстандагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдардын ассоциациясынын Нарын филиалы. Медайым иштери боюнча адис.
-2001-2006-жылдары – КГМИПиПК, Үй-бүлөлүк медицина боюнча окуу борборунун Нарын филиалы. Үй-бүлөлүк медицинадагы медайым иштери боюнча окутуучу.
-2000-2001-жылдары – Үй-бүлөлүк медицина боюнча медайым иштери окутуучуларын кайра даярдоо программасы. Курсант.
-1996-2000-жылдары – Нарын медициналык окуу жайынын бөлүм башчысы.
-1991-1996-жылдары – Нарын медициналык колледжи. Окутуучу.
-1990-1991-жылдары – Нарын облустук стоматологиялык поликлиникасы. Врач-стоматолог.
Сыйлыктары:
-2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын Ардак грамотаcы.
-2010-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотаcы.
-2015-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин борбордук комитетинин Президиумунун Ардак грамотаcы.
-2015-жылы «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун отличниги» төш белгиси.
-2019-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотаcы.
-2023-жылы «Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси.

Касымова Жайнагүл Сатыгуловна
Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары
Туулган жылы: 12.09.1973 ж.
Электрондук почта: Jainakasymova1973@gmail.com
Билими: жогорку. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети, физика жана информатика адистиги боюнча окутуучу.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
1995-1997 жж. №7 М.Садыков атындагы орто мектебинин физика сабагынын окутуучусу.
1997- жылдан бүгүнкү күнгө чейин Нарын медициналык колледжинин информациялык технологиялар сабагынын окутуучусу.
2005 ж. Көзөмөлчү парламенттик шайлоодо М – Вектор агенттигинин катышуусунда.
«М-Вектор» агенттиги аркылуу Нарын облусунда социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөм.
2002-2004 жж. Кабыл алуу комиссиясынын техникалык катчысы.
2011-2015 жж. Жалпы билим берүү кошуунунун кошуун башчысы.
2012-2014 жж. Кабыл алуу комиссиясынын катчысы.
2017-2018 ж. Методист.
2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Нарын медициналык колледжинин кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы.
2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпы билим берүү кошуунунун кошуун башчысы.
2023-жылдан бери мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары.
Сыйлыктары:
Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамотасы – 2009 ж.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги– 2011 ж.
Нарын медициналык колледжинин Грамотасы – 2012 ж.
Нарын облусунун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун Ардак грамотасы – 2013 ж.
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Президиумунун Ардак грамотасы – 2015 ж.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Ардак грамотасы – 2019 ж.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы– 2022 ж..

Темирканова Бактыгүл Асанбековна
Тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары жана НМКнын «Театр студиясынын» жетекчиси
Туулган жылы: 27.12.1980-ж
Электрондук почта: baktygul.asanbekovna271280@gmail.com
Билими: Жогорку, 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын «Сестралык иштин менеджери, окутуучусу» факультетин аяктаган.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
– 2004-2007- жылдары – Бишкек шаарынын «Шаардык перинаталдык борборунун» Улуу эмчи айымы.
– 2007-жылдан баштап Нарын медициналык колледжинде «Анатомия жана Үй-бүлөлүк медицина» сабагынын окутуучусу.
– 2018-2023-жылдары «Жалпы медициналык кошуундун» кошуун башчысы.
– 2023жылдын 1-сентябрынан азыркы учурга чейин -Тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары жана кошуун башчысы.
Сыйлыктар:
-Грамота КГМИПиПК «За активное участие во внедрении сестринского процесса» 2010г.
-КР Саламаттык Сактоо Министрлиги «Кесиптик ишмердүүлүктөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жетишкен ийгиликтери үчүн жана НМКнин 70 жылдык юбилейине карата» Ардак грамота 2015ж.
-«Медицина кызматкерлер күнүнө карата» Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ардак грамотасы» 2020ж.
-Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюму тарабынан белгиленген 2020-жыл «Мед айымдардын жана акушерлердин эл аралык жылына» карата мед айымдардын дипломго чейинки даярдоодо окутуу процессине кошкон салымы үчүн Ардак грамота. НОБО 2020ж.
-КРнын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери» төш белгиси. 20.06.2023ж.

Дүйшөмбиева Гүлкайыр Султакеевна
Практикалык окутуу боюнча директордун орун басары
жалпы стаж -37 жыл
педагогикалык стаж-33 жыл
Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери

Шырдакова Үпөл Дүйшөналиевна
Бөлүм башчы (бюджеттик бөлүм)
Туулган жылы: 1971 –жыл 24-январь
Билими: жогорку , КМУУнун чет тилдер факультети.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
-2006 -2010 жылдары Жалпы билим берүү кошуундун башчысы;
-2010 жылдын баштап а Нарын медициналык колледжинде бөлүм башчы.
Сыйлыктар:
-2010 ж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”.
-2015 ж.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнун мыктысы” төш белгиси.
-2015 ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун “Ардак грамотасы”.
-2019 ж. Нарын шаардык мериясынын жана Нарын шаардык кеңешинин “Ардак грамотасы”.

Жакыпова Бактыгүл Тентимишовна
Бөлүм башчы (контрактык бөлүм)
Туулган жылы: 1985-жыл 23-май
Билими: жогорку бакалавр 2007-жылы Нарын медициналык колледжинде «Фармация» бөлүмүн ийгиликтүү аяктап, 2016-жылы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Биология» факультетин аяктаган.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
-2007-2011-жылдары “Нарын Фармация» аптекасында фармацевт болуп эмгектенген.
-2012-жылы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын дарыканасында фармацевт болуп эмгектенген. -2012-2023жылдары Нарын медициналык колледжинде окуу бөлүмүнун катчысы.
-2022-жылдан тарта НМК бөлүм башчы болуп эмгектенет.
Сыйлыктары
-Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ардак Грамотасы» 2017-ж.
-Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин «Ардак Грамотасы» 2018-ж.
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундаг ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ардак Грамотасы » 2021-ж.

Мамытов Алтынбек Жээнбекович
Административдик-чарбалык иштери боюнча директордун орун басары
Билими: бакалавр, жогорку
2004-2009-жылы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Физика» факультетин аяктаган.
2013-2016-жылы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Электр энергетика жана электротехника» факультетин аяктаган.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
2011-2014-жылдары “Чыгыш электр ААК» контролер жана монтер болуп эмгектенген.
2015-жылы Нарын облустук М.Рыскулов атындагы НМДТда жарык берүү бөлүмүндө эмгектенген.
2015-жылы “Түндүк электр ААК” монтер.
2018-2019-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде АТД кафедрасынында окутуучу болуп эмгектенет.
2021-жылы “Бактылуу балалык” балдар бакчасында электрик.
2021-жылдык октябрь айынан тартып Нарын медициналык колледжде эмгектенип келем.
Сыйлыктары
- Нарын медициналык колледжинин «Ардак Грамотасы» 2023-ж.