Кадыралиева Айзада Нарынбековна
Артыкбаева Жылдыз Мусаевна
Китепканада жалпы 30 компьютер бар.
Электрондук китепкананын базасында ар бир окутуучунун өздөрүнө тиешелүү электрондук папкалары жайгаштырылган (видео материалдар,ОМК, силлабус,лекциялар,СОИИ,
презентация)
Азыркы учурда китепканачылар Е билим программасы менен иш алып барууда.Е билимге бир нече китептер сканерден өтүп жүктөлдү.
Учурда китепканада китептин саны- 9598
-илимий медициналык китептер-8546
-коомдук саясий китептери- 258
-көркөм адабий китептер- 522
-башкалар-272
2022-жылдын 3-октябрында 327 илимий медициналык жаңы окуу китептери менен толукталды. Жаңы окуу китептерине печать басылып, инвентардык китепканага киргизилди.
- All
- Китепкана
⭐️#НМК# АСАНКАН ЖУМАКМАТОВго 100 ЖЫЛ# КОНФЕРЕНЦИЯ# 📓Нарын медициналык колледжинин китепканачылар тарабынан КР Президентинин Кыргыз жараны аттуу жарлыгынын алкагында Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган конференция уюштурулду. 📓Конферцияга Нарын областтык китепкананын тейлөө бөлүмүнүн башчысы Г. Аманатова катышып, Асанкан Жумакматовдун китеп көргөзмөсү менен тааныштырышты .
🎬# Ч.АЙТМАТОВ#95#КИНО#НМК# 🎞Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата Нарын медициналык колледжинин жыйындар залында Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган кино тасмалар аталган колледждин окутуучуларына жана студенттерине көрсөтүлдү. 🎞Жыйындар залында китепканачылар тарабынан кино легендасына айланган “Биринчи мугалим”, “Эрте келген турналар”, “Ак кеме”, “Кызыл-Алма”, “Акбаранын көз жашы”, “Саманчынын жолу” ж.б. чыгармалары көргөзүлдү. 🎞Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмаларды көрсөтүү мындан ары да уланмакчы.
АЛП ЖАЗУУЧУ Ч.АЙТМАТОВГО 95 ЖЫЛ! Нарын медициналык колледжинин китепканасында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата көргөзмө бурч уюштурулду.

