Нарын медициналык колледжи өзүнүн статусу боюнча областтык мекеме болгонуна карабастан Нарын шаарынын чок ортосунан орун алып, Нарын шаарынын борборундагы көрүнүктүү имаратта жайгашкан жана коммуналдык тейлөө жагынан шаардык ишканалар менен кызматташат. О.э аталган колледж шаардын коомдук жашоосунда бир катар активдүү позицияларды ээлейт.
Ошондуктан бүгүн 2022-жылдын
12- октябрында Нарын шаарынын мэри Тутуев Канболот Мусаевичтин иш сапары Нарын медициналык колледжинде болду.
Нарын шаарынын мэри аталган колледждин материалдык- техникалык базасы менен таанышуу менен бирге, колледждеги болуп жаткан жаңылыктар, акыркы учурдагы өзгөрүүлөр, алып барылып жаткан жаңы багыттагы иштер жана көйгөйлөр боюнча кабар алды.
Бул жолугушуу маалымат алуу денгээлинде гана болбостон, эки тарапка байланыштуу сунуш, пикирлер менен дагы коштолду.
Нарын медициналык колледжинин директорунун сунуштары :
-Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин өнүгүп жатканына байланыштуу, Нарын шаарында чакан типографиялык басмакана болуу зарылчылыгы бар экендиги;
-Нарын шаарындагы калкты тейлөө мекемелерине зарыл болгон окуу курсу “Биринчи жардам көрсөтүү” боюнча ыкмаларга үйрөтүүдө аталган колледждин потенциалын колдонууну сунуштады.
Жогорудагы сунуштарды Нарын шаарынын мэри маанилүү сунуш катары кабыл алаарын жана колдоорун билдирди.
Ошондой эле Нарын медициналык колледжинин директор тарабынан берилген колледждин айланасындагы ирригация системасы жана колледждин алдындагы тротуар боюнча суроолоруна, шаардын мэри бул эки маселе тең шаардын алдыдагы пландарына киргендигин жана жаз менен кошо ишке ашаарын билдирди.
Ал эми Нарын шаарынын мэри тарабынан Нарын медициналык колледжинин жетекчилигине колледждин түнкү жарыктануусу жакшы деңгээлде экендигин белгилөө менен тротуарлар тарапка дагы жарыктандырууну улантуу сунушу айтылды.
Колледждин директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановна бул сунушту колго алаарын айтты.