Menu Close

Бугун Нарын медициналык колледжинин 2-лабораториялык тайпасында “Коронавирус оорусу жана анын алдын алуу иш-чаралары” деген темада онлайн тарбиялык саат болуп отту.

Тарбиялык саатта студенттер тарабынан коронавирус оорусу анын алдын алуунун иш-чаралары, тазалыкты сактоо жана башка талаптарды так аткаруу боюнча докладдар окулуп, куратор Доотова Заида жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары тарабынан кеп- кенештер айтылып, онлайн сабактарды калтырбай катышып туруусун баса белгилешти.