“ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ САПАТТЫ БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ” АТАЛЫШТАГЫ СЕМИНАР ӨТТҮ
2023-жылдын 12-13- май күндөрү “Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо” долбоорунун алкагында Нарын медициналык колледжинин Билим берүүнүн сапатын камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бокоев Н.Т. жана усулчусу Дөөтова З.А “Орто кесиптик билим берүү мекемелеринде сапатты башкаруу системасы” аталыштагы семинарга катышып келишти.
Семинардын максаты: орто кесиптик билим берүү мекемелеринде сапатты башкаруу системасын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун механизмдерин талкуулоо.
Семинардын катышуучулары сапатты башкаруунун ички системасын практикада колдонууну, СБС(СМК) компоненттерин иштеп чыгууну, билим берүү мекемелеринин жана процесстеринин узактыгын пландаштырууну, аларды документтештирүүнү өздөштүрүштү.
Соңунда семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылып, катышуучулар тарабынан тренерлерге Ташботоева Бурул жана Нуруева Жаңыл эжелерибизге жылуу создор айтылып, ыраазычылык билдиришти.